Киргизия - Кыргызстан


Киргизия - Кыргызcтан

МГИМО: ЖЕРДЕШТЕР КЕҢЕШИ.
Жердештер кеңеши – бул Москва мамлекеттик Эл аралык мамилелер университетиндеги (МГИМО) ири эл аралык студенттик уюм. Бул кеңеш - жердештер, клубдар жана коомдордун турган, кыркка жакын улут өкүлдөрүн өз ичине камтыган биримдик. Анын негизги максаты – достукту бекемдөө жана ар башка өлкөлөрдүн маданиятын жайылтуу. 2008-жылдын 2-апрелинде негизделген уюм окуу жайдын (МГИМО) чет элдик жана россиялык студенттеринин кызыкчылыгына иш алып барып, университеттин максаттары менен бийик миссиясына шайкеш келүү аракетинде. Уюм Университеттин Эл аралык башкармалыгы, ошондой эле магистрдик жана эл аралык программалар боюнча Проректорлугу менен биргелешип иш алып барат. Кеңештин биринчи төрагасы Юрий Кофнер анын түзүлүшүнө чоң салымын кошкон. Экинчи төрага Георгий Плащинский Кеңешти алдыңкы жана көрүнүктүү уюмдардын бири катары калыптандырган. Үчүнчү жана ишти айкалыштыруу менен тогузунчу төрага Назим Абдуллаев көп жылдар бою Жердештер кеңешин колдоп келе жатат. Кеңештин өнүгүшүнө кошкон зор салымы жана уюмду он жыл бою ар тараптуу колдоп келгендиги үчүн Абдуллаевге “Ардактуу төрага” наамы берилген.
Улуттук жердештер уюмдары советтер союзу учурунда эле түзүлө баштаган. Окуя 1946-жылы университетке (МГИМО) алгачкы чет элдик, тактап айтканда Монголиядан студенттер келген жылга туура келет. Достук кеңешин кайсы бир учурда МГИМО ректору А.В.Торкунов өзү жетектеген. 1991-жылдан кийин чет элдик уюмдардын саны азайган. Бирок Кеңешти жандандыруунун натыйжасында улуттук клубдар түзүлө баштаган.
МГИМО – бул көп улуттун өкүлдөрү үчүн кичи мекен. МГИМОнун жердештер кеңеши - ар башка мамлекеттерден келип билим алып жаткан студенттеринин биримдигинин символу жана достуктун көпүрөсү. 2010-жылдын 2-апрелинде улуттук клубдардын өз ара мамилесин жөнгө салуучу Кеңештин уставы кабыл алынып, ага 2010-жылдын 23-апрелинде кол коюлган. Кеңештин сайты расмий түрдө 2010-жылдын 23-июнунда ачылган. Кеңеш активдүү аракетте. Катчылыктын (секретариат) жана улуттук коомдордун аракети менен 150дөн ашуун ар кандай иш чаралар, анын ичинде жыйындар менен спорттук мелдештер өткөрүлдү. Биз жыл сайын жалпы университеттик ири иш чараларды өткөрүп турабыз Алардын катарында: Эл аралык ашкана күнү, Биринчи курстардын күнү, Нооруз, Пасха, Масленица, Рождество, Мэрцишор, Ханука, кичи-футбол боюнча шериктештер Кубогу, Россиядагы элдердин маданият фестивалы, Бириккен улуттар уюмунун модели алкагында “Global Village” улуттук маданий фестиваль, МГИМОнун ректору А.В. Торкунов менен жолугушуу ж.б. Клубдар Университетке өзүнүн өлкөсүн жана маданиятын таанытуунун улам жаңы багыттарын сунуштоо аракетинде. Улуттук жана диний, мемориалдык жана эскерүү акцияларын өткөрүү салтка айланып калган. МГИМОдон тышкары жерлерге дагы тегерек стол уюштуруу, конференцияларды өткөрүү, кино көрсөтүү иш чаралары аркатылып келе жатат. Улуттук жумалык өткөрүү салты 2009-жылы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) Жумалыгынын (2009-2014) алкагында башталып, эми аны жыл сайын өткөрүү вазыйпасы кабыл алынган. Ушул күндөрү Кыргызстандын жумалыгы, Азербайжандын, Казахстандын, АСЕАН, Латын Америка, Өзбекстан ж.б мамлекеттердин жумалыктары эске түшөт.
2008-жылы “Достук аллеясына” клен дарактарын отургузуу салтанаты болуп, саамалык Россия Федерациясынын Түштүк Осетия жана Абхазия мамлекетинин көз карандысыздыгын таануунун 10 жылдыгына арналган. “Достук аллеясына” бир планетадагы элдин тынчтыкта жашаганын символдоштурулган 35 дарак тигилип, ал МГИМО студенттери тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылган. Ал эми “Достук аллеясы” долбоору - МГИМОнун өнүктүрүү Фондунун студенттик грант сынагын жеңип алган 2012-жылдан бери иштеп жатат.
 
БИЗДИН ТҮЗҮМ КАНДАЙ?
Биз ачыктык, теңдик, ыктыярчылык, ошондой эле жалпы максаттарга жетүү үчүн Кеңештин мүчөлөрүнүн биримдиктүү жана тыгыз кызматташуу принциптеринде иш алып барабыз. Биздин уюм – демократиялуу. Өз мамлекетин тааныткан ар бир клуб Жалпы жыйындарда өз добушуна ээ. Жыл сайын өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы менен каалаган студент Кеңештин төрагасы боло алат. Жыл сайын төраганын орун басарлары, бөлүм башчылары шайланат. Кеңештин алдында Катчылык бар. Анын милдети Жалпы жыйындын жана Кеңештин төрагасынын чечимдерин ишке ашыруу. ММК (СМИ) жана PR (журналистика) бөлүмдөрү иштеп, интервью уюштуруп, ар бир иш чараны коомго жеткирүүгө болгон аракетин жумшайт.
Кеңеш бардык зарыл жардамды берүүгө аракеттенет: бизде коомдук кабылдама бар. Ага ар бир каалоочу кайрылып, кандай зарылдыкка муктаждык бар экенин биле алат.
Кеңеш окуу жайдын алкагында билим алган чет элдик жана россиялык студенттерин коом менен аралашуусуна көмөктөшөт: аларды иш чараларды уюштурууга тартуу, кызыктуу идеялар менен дорбоорлорду ишке ашырууга жардамдашуу. Улуттук уюмдар өздөрүнүн жердештерине кол сунуп, ар кандай демилгелерди алга жылдырууга жол көрсөтөт. Алардын жардамы менен чет элдик студенттерин социалдык байланыштары жөнгө салынууда. Ар бир уюм өзүнүн салтына жана иштөө стилине ээ. Кеңеш аларды өнүктүрүүгө жана сактап калууга умтулат.

БИЗГЕ КАНТИП КОШУЛСА БОЛОТ?
Бизде ар түрдүү кызыктуу маселелер арбын: чет элдик жана россиялык студенттердин ишмердигин жана жашоосун маалыматтык чагылдыруу, иш чараларды уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү, презентацияларды даярдоо, коомдук кызыкчылыктарды коргоо жана башка көптөгөн аракеттер. Бардык каалоочунун өзүнө ылайыктуу ишти таап алууга мүмкүнчүлүгү жана тандоосу бар. Студенттер Кеңештин ишине тартылган, алар коомдук жетишкендигинин эсебинен өздөрүнүн академиялык рейтингин Болон системасынын алкагында көтөрүүгө мүмкүндүк алышат. Коомдук ишке активдүү катышып, өзүн көрсөтө алган студентке Кеңештин жетекчилиги жана Университет тарабынан ыраазычылык билдирилет. Алардын ишмердүүлүгү сөзсүз эске алынат жана белгилүү студент боло алышат. Улуттук уюмдардын жетекчилери жана Кеңештин ишмердүүлүгүнө тартылгандар, Катчылыкта аракеттенгендер МГИМО өңдүү ири жана олуттуу мекеменин коомдук уюмунун башкаруучусунун чоң тажрыйбасына ээ болушат.
Жердештер коомун түзүү максатыңыз болсо, адегенде өзүңүзгө шериктештерди табыңыз. Андан кийин негиздөөчү алгачкы жыйынды өткөрүү зарыл. Адатта мындай иш чарага элчиликтин өкүлдөрү, маданий борборлордун кызматкерлери, Университеттин жетекчилиги жана башка институттардан меймандар чакырылат.
Бизге кошулам деген илгери үмүтүңүз болсо mgimosovzem@mail.ru дарегине кирип, кат жөнөтүү менен бирге өзүңүздүн байланышты жазып коюңуз! Кош келиңиз!




СТРАНЫ